28-февралда юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү аяктайт.
Мамлекеттик салык кызматы декларацияны тапшыра элек юридикалык жактарды белгиленген мөөнөткө чейин тапшырууга чакырат. Аймактык салык органдары бүгүн түнкү саат 12.00гө чейин кабыл алат. Декларацияны өз убагында тапшырбаган юридикалык жактарга 5 миң сом өлчөмүндө айып салынат.
1-мартка чейин бирдиктүү салык декларациясын ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү. (КЕ)