Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

2019-жылы Саудия Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоосун көбөйтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылы Сауд Арабиясы Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоосун көбөйтөт.

Бул тууралуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Сауд Арабиясындагы сапарында белгилүү болду. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылгандай, сапар учурунда министр Өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Халид бин Салим Аль-Худайери менен жолугушту.

Тараптар насыя жана грант боюнча кызматташтыкты кеңейтүү, инфраструктуралык долбоорлор туурасында сүйлөштү. Анда Аль-Худайери фонд 30 млн. долларлык саламаттыкты сактоо, билим берүү, айыл чарба, ирригациялык тармак боюнча долбоорлорду жактырганын, келерки жылы каржылоонун суммасы көбөйө турганын билдирди.

Мамлекеттик мектептердин курулушун каржылоо жөнүндөгү макулдашууну Сауд өнүктүрүү фонду менен Кыргызстандын өкмөтү 2017-жылы май айында кабыл алган. Бул боюнча мыйзамды ошол эле жылдын июнь айында Жогорку Кеңеш ратификациялап, июлда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Макулдашууга ылайык, аталган фонд Кыргызстанга 30 млн. доллар же жергиликтүү валютага чакканда 2,1 млрд. сом жеӊилдетилген насыя бөлмөк. Өкмөт бул каражатка 2019-жылга чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарында 16 мектеп салууга убада берген. Бирок дээрлик бир жылдан бери акча да түшкөн жок, мектептердин курулушу да баштала элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG