Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Орусиянын президенти Владимир Путин менен Сириядагы кырдаал, андагы Ирандын ролу тууралуу маселени талкуулаш үчүн 27-февралда Москвага жумушчу сапары менен барды. Израил Сириядагы окуяларга Ирандын катышуусуна тынчсызданып, ал коопсуздукка коркунуч келтирүүдө деп эсептейт.
Нетаньяху сүйлөшүү алдында «аймакта туруктуулук менен коопсуздукка биринчи иретте Иран жана анын ишенимдүү өнөктөштөрү коркунуч келтирип жатышат» деп билдирген. Израилдин өкмөт башчысы аларга каршы күрөш улана турганын да айткан.
Бул Нетаньяхунун былтыр сентябрда Сириянын Аскер-аба күчтөрү кокусунан орустардын аскердик чалгын учагын Жер Ортолук деңизинин үстүнөн атып түшүрүп, 15 аскер мерт болгондон кийинки Москвага алгач ирет барышы. Ал 2015-жылдан бери орус лидери менен 11 жолу жолукканын айтып, байланышты бекемдөөгө аракет кылганын белгиледи.
Орусия - Сириянын президенти Башар Асаддын негизги эл аралык өнөктөшү, ошол эл кезде Иран менен жакын мамиледе. Путин жолугушуу алдында «аймактагы маселелер жана коопсуздукту талкуулоо өтө маанилүү» экенин журналисттерге билдирген.
Орусиянын мамлекет башчысы Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы Ленинград блокадасынын 75 жылдыгына байланыштуу Иерусалимдеги мемориалдын ачылышына катышуу боюнча Нетаньяхунун чакыруусун кабыл алды.