Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:12

Үч өлкө визасыз каттоо режимине кирбей калды


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын 52 өлкө менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу келишиминин мөөнөтүн узартуу тууралуу мыйзам долбоорун талкуулайт.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин «Азаттыкка» айтканына караганда, эл өкүлдөрү Болгария, Кипр, Румыния өлкөлөрүн визасыз каттоо режиминен чыгарышты.

- Айрым депутаттар «​бул өлкөлөр өздөрү кедей болсо эмнеге туристтерди алып келебиз»​ деп айтып жатышат. Бул туура эмес пикир. Бахадыр Сулейманов «2030-жыл узак болот, 2025-жылга чейин кылалы»​ деп кат жүзүндө сунуш киргизген, - деди Бекешев.

Буга чейин өкмөт мурда келишим түзүлгөн 45 өлкөнүн тизмесине дагы 10 мамлекетти кошууну, 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартууну сунуш кылган. Тизмеге жаңы кошулган өлкөлөр - Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино, Чили, Аргентина, Оман. Мыйзам долбоорунун автору мындай сунушка макул болгон. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитетинен экинчи окуудан өткөн. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG