Кашмирде кырдаалга байланыштуу Пакистандын жарандык авиация мекемеси өлкөнүн аба мейкиндигин жарым-жартылай жабуу жөнүндө чечим кабыл алды.
Индиянын бийлиги да өлкөнүн түндүгүндөгү жана Кашмирдеги бир нече аэропортту жапканы кабарланып жатат. Бул тууралуу индиялык жана пакистандык маалымат каражаттары жазышты. Башында өлкөдө аба мейкиндиги коммерциялык каттамдар үчүн толугу менен жабылган, кийин бийлик өлкөнүн түштүк тарабында учууга уруксат берилгенин билдирди.
«Reuters» агенттиги мындай чечим ири эл аралык авиакаттамдарга таасир тийгизгенин жазды. Учактар Пакистанды айланып өтүп, узагыраак жол менен сапарга чыгууда. Бул эң оболу Европа жана Жакынкы Чыгыш менен Түштүк-Чыгыш Азиянын ортосундагы каттамдарга тийиштүү.
Соңку чыңалууга 14-февралда Кашмирдин Индия башкарган аймагында 40тан ашык полиция кызматеринин өмүрүн алган жанкечтинин жардыруусу себеп болду. Нью-Дели бул чабуулга жоопкерчилик алган «Жаиш-е-Мухаммад» тобун «калкалап жатат» деп Пакистанды айыптап, бир күн мурдагы аба соккулары негиздүү болгонун билдирип жатат.