Илим Карыпбеков КТРКнын башкы директорлугуна талапкер болуудан баш тартты. Бул тууралуу ал бүгүн КТРКнын Байкоочу кеңешинин алдында билдирди.
Карыпбеков анын катышканы тандоо түрүн кызыктуу кылганын, баш тартышына эч ким басым жасабаганын, себебин соцтармактарга жазганын, эч кимди «экинчи мөөнөткө калтыргыла» деп кыйнабаганын айтты.
Байкоочу кеңеш бүгүн башкы директорлукка талапкерлер менен аңгемелешүү жүргүзүп жатат.
Жалпысынан 22 адам документин тапшырган, алардын 19у менен аңгемелешүү бүгүн жүрүп жатат. (TSh)