Бейшембиде Вьетнамда президент Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын саммити эч кандай макулдашууга кол коюлбастан аяктады.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс сүйлөшүүлөр чукулунан токтогонун билдирди. «Эки лидер өзөктүк куралдан арылуунун ар кандай жолдорун жана экономикалык маселелерди талкуулашты», - деди Сандерс. «Ушул тапта макулдашуу жетишилген жок. Эки тараптын тең өкүлдөрү келечекте дагы жолугушат».
Ханойдо өткөн басма сөз жыйынында Трамп Пхеньян талап кылгандай Түндүк Кореяга салынган санкцияларды толук алып салууга даяр эмес экенин билдирди.
«Алардын санкцияларды толук алдыруу ниети бар, – деди АКШ президенти. – Бирок биз бара алган жокпуз. Ошон үчүн сүйлөшүүлөрдү токтоттук».
Трамп менен Ким Чен Ындын экинчи жолугушуусу Ханойдо шаршембиде башталган. Былтыр 12-июнда эки лидер Сингапурда «тарыхый» деп бааланган саммитте кезиккен, бирок эч кандай жыйынтыкка келишкен эмес.
Бүгүн сүйлөшүүлөрдүн алдында эки лидер тең оптимисттик маанайда экенин билдирген.
Шаршембиде эки лидер 20 мүнөтчө көзмө-көз сүйлөшкөндөн кийин делегациялар менен кошо сый тамакка отурушкан.