Чаткалда 10 тонна запасы бар алтын кени эки бөлмөлүү бир батирдин баасына тең бааланды. Бул тууралуу бүгүн 28-февралда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева билдирди.
Ал колунда Чаткал районундагы кен байлыктарын чалгындоо иштерин жүргүзүүгө укук берүү боюнча аукциондордогу коррупция тууралуу документтер бар экенин айтууда.
Касымалиеванын айтымында, бул кагаздарда кен байлыктар «афералык жол менен болбогон акчага сатылганы» жазылган:
- 2017-жылы 10-апрелде болжолдуу 20 тонна 41 килограмм алтын запасы бар Турпак-Түштү кенине аукцион өткөрүлүп, «Асман-Таш» компаниясы 200 миң долларга утуп алган. Ошол эле жылдын 3-мартында болжолдуу 10 тонна уюма алтын запасы бар Чаар-Таш кенине өткөн аукциондон болгону 71 миң долларга «Алтын-Жон» компаниясы уткан. Уюма алтын кендер дүйнөлүк практикада өтө кымбат бааланары белгилүү. Бизде болсо 10 тонна запасы бар деген жер Бишкектеги эки бөлмөлүү батирдин акчасына бааланып келе жатат.
Бишкекте 30-январда Коопсуздук кеңешинин тоо-кен өнөр жайына, андагы абалга арналган жыйыны өткөн. Анда президент Сооронбай Жээнбеков бул тармак «коррупцияга белчесинен батып, мамлекеттин көзөмөлү жок калганын» билдирген. (RK)