Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Кыргызстандын жарандарынын динчилдиги тууралуу изилдөө аяктады


«Кыргызстандын коомунун динчилдиги» изилдөөсү талкууланып жаткан Бишкектеги жыйын. 28-февраль, 2019-жыл.
«Кыргызстандын коомунун динчилдиги» изилдөөсү талкууланып жаткан Бишкектеги жыйын. 28-февраль, 2019-жыл.

28-февралда Бишкек шаарында өткөн атайын жыйында «Кыргызстандын коомунун динчилдиги» («Религиозность общества Кыргызстана») аттуу изилдөө жарыяланды. Бул тууралуу жыйынды уюштурган «Бурана изилдөө институту» уюму билдирди.

Изилдөөдө Кыргызстан эгемендик алгандан бери жарандар канчалык деңгээлде динге берилип кеткени, коомчулукта исламдын ролу канчалык жогорулаганы тууралуу статистика, маалыматтар келтирилди. Анын ичинде хижаб, адал өндүрүм сыяктуу түшүнүктөр күчөгөнү да динге тартылуунун бир белгиси катары көрсөтүлгөн.

Социалдык изилдөөгө Кыргызстандын аймактарынан жалпы 2500дөй адам катышкан. Документте билим сапатынын деңгээли, жаш курак, улут жана жыныс боюнча ар кандай параметрлер динчилдикке түрдүүчө таасир этери белгиленген.

Бул изилдөө Гарвард университети жана Мичиган университети менен чогуу жүргүзүлгөн илимий долбоордун бир бөлүгү болуп саналат. Аны философия илимдеринин доктору, кыргызстандык окумуштуу Руслан Жалил жүргүзгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG