Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Москва шаардык соту америкалык ишкерди камакта калтырды


Америкалык инвестор Майкл Калви Москвадагы сотто. 15-февраль, 2019-жыл.
Америкалык инвестор Майкл Калви Москвадагы сотто. 15-февраль, 2019-жыл.

Москванын шаардык соту «Baring Vostok» инвестициялык фондунун негиздөөчүсү, америкалык ишкер Майкл Калвини камакта кармоо жөнүндө чечим чыгарды.

Калви балдарын университетке даярдаш үчүн бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну соттон суранды.

Америкалык ишкер финансылык кылмыштарга байлыныштуу айыпталып жатат. Тергөөнүн маалыматына караганда Калви «Восточный» банкынан 2,5 млрд. рубль уурдаган «көз боёмочулук системаны уюштурган».

Сотто Калви өзүнө коюлган айыпты негизсиз деп четке кагып, аны «Восточный» банкы менен чырга байланыштырган.

Мурдарак бизнес-акыйкатчы Борис Титов америкалык ишкерге кылмыш ишинин козголушун «мыйзамсыз» деп баалап, иштин «корпоративдик талаш экени айдан ачык» деп билдирген.

«Бэринг Восток» («Baring Vostok») инвестициялык фонду президент Владимир Путинден фонддун негиздөөчүсү, америкалык ишкер Майкл Калвинин жана башка менежерлердин ишин өз көзөмөлүнө алууну өтүндү.

15-февралда Москвада «Бэринг Восток» инвестициялык фондунун негиздөөчүсү Майкл Калви, фонддун үч кызматкери: Ваган Абгарян, Филипп Делпаль жана Иван Зюзин кармалды. Ошондой эле «Восточный» банкынын мурдагы жетекчиси Алексей Кордичев жана «Биринчи коллектордук бюро» ишканасынын башкы директору Максим Владимиров да камалды. Алар «Восточный» банкынан 2,5 млрд. рубль уурдалганына байланыштуу шек саналууда.

51 жаштагы Майкл Калви 1994-жылы Орусияда «Baring Vostok» инвестициялык фондун негиздеген. Андан бери ал Орусияга ири өлчөмдө инвестиция салган.

XS
SM
MD
LG