Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:20

Кыргыз-орус кызматташтыгы талкууланат


Сергей Лавров жана Сооронбай Жээнбеков.
Сергей Лавров жана Сооронбай Жээнбеков.

Бишкекте кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын 21-сессиясы өтөт. Анда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык талкууланат.

Мындан сырткары энергетика, өнөр жай жана мунайгаз тармагы, агроөнөр жай комплекси, транспорт, миграция жана башка маселелер көтөрүлөт.

Отурумга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана орус өкмөтүнүн аппарат башчысы Константин Чуйченко төрагалык кылат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында Кыргызстандын инвестициялык потенциалын кеңейтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана ЕАЭБдин алкагында соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү тууралуу талкуулар жүрөт. Жыйынтыгында протоколго кол коюлат.

Быйыл марттын соңунда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Буга карата даярдык иштерин талкуулаш үчүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 3-4-февраль күндөрү Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG