Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Жогорку Кеңеште «Таза аба» долбоору боюнча коомдук угуу өтөт


Бишкек.
Бишкек.

Абдывахап Нурбаев, Жанарбек Акаев, Мирлан Бакиров баштаган Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары «Таза аба» долбоорун сунуш кылып, бир нече мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча демилге көтөрүп жатышат.

Эл өкүлдөрүнүн сунушу менен «Абаны булгоонун булактары» жөнүндө аналитикалык изилдөө жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгынын негизинде абанын булганышына жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизген зыяндуу заттарды азайтууга багытталган мыйзам долбоору иштелип жатат. Бүгүн парламентте бул долбоор боюнча коомдук угуу болот.

Нурбаев изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча айтып, абанын булганышына машинелерден чыккан түтүндүн таасири чоң экенин «Азаттыкка» билдирди:

- Катализатор деген нерсе бар экен, абаны тазалап чыгарган, электромобил, газ менен иштегендерге жеңилдик берүү, жаңы технологиялар кирип жатканда бажы төлөмүн азайтуу сыяктуу сунуштар бар. Бак-дарактарды өстүрүү, көмүр менен иштөөнү азайтуу сунушу түштү. Анткени үйлөрдөгү стандартка жооп бербеген мештер көмүрдү толук күйгүзбөйт дагы, түтүнү чыга берет. Ушул да абаны булгайт экен.

«Move Green» коомдук кыймылынын изилдөөсүнө караганда, Бишкекте күн суук болгондо абанын булганышы нормадан 2ден 8 эсеге чейин жогору болот. Декабрь айында аба нормадан 14 эсе көп кирдеген учурлар катталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG