Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 10:05

Акылбек Жапаров облустарды башка өлкөлөргө бөлүп берүү идеясын түшүндүрдү (видео)


Акылбек Жапаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кыргызстандын облустарын дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнө бөлүп берүү жөнүндөгү демилгеси тууралуу «Азаттыкка» түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, бул жерде кеп башкарууну берүү жөнүндө эмес, облустарга гранттарды бөлүп берүү жөнүндө болуп жатат. Депутат белгилегендей, соңку 26 жыл ичинде Кыргызстан 7 млрд. доллар насыя жана 3 млрд. доллар грант алган. Гранттарды өнүккөн өлкөлөр жана Азия өнүктүрүү банкы, Реконструкция жана өнүктүрүү боюнча Европа банкы, Дүйнөлүк банк, USAID, TIKA сыяктуу банктар берген.

- Жардамдар ар кайсы аймакка, ар кайсы тармактарга көрсөтүлдү, бирок жыйынтыктар көрүнгөн жок. Биз 3 млрд. доллар кайсы жакка жумшалганын тактап көрсөк, ал командировкаларга, консультациялык кызматтарга, коомдук угууларга, өкмөттүк эмес уюмдарга, ЖМКга, компьютерлерди сатып алууга, программалык камсыздоолорго эле кеткени белгилүү болду. Бирдиктүү механизм жок, - деди Жапаров.

Ошол себептүү депутат конкреттүү аймактагы бардык тармактарды каржылаш үчүн ар бир облусту донорлорго бөлүп, байлап берүү зарыл деп эсептейт. Ал мисал катары, Жапония бөлүп берген 628 миллион долларга Баткен облусун өнүккөн аймакка айлантууга болорун айтууда.

Акылбек Жапаров мындай демилге донорлордун өздөрүнө деле кызык болорун, «26 жыл бою алардын айтканын кылгандан майнап чыкпагандан кийин, эми Кыргызстан өзүнүн шарттарын коюушу керек» экенин белгилейт.

Депутат Акылбек Жапаров буга чейин «Марал FM» радиосундагы маегинде «донор мамлекеттерге Кыргызстандын ар бир облусун бөлүп бериш керек» деп айткан. Бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (52)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG