Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Коопсуздук кеңеши Венесуэла боюнча резолюцияны кабыл алган жок


БУУнун Коопсуздук кеңеши.
БУУнун Коопсуздук кеңеши.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Венесуэла боюнча резолюцияны кабыл алууга жетише алган жок. Бейшембиде АКШ сунуш кылган документ өлкөдө «эркин жана калыс» президенттик шайлоо өткөрүүгө үндөйт. Бирок Орусия менен Кытай ага вето коюшту.

Ал эми Орусия иштеп чыккан резолюция долбоорун 15 мүчөнүн төртөө гана колдоду. Долбоордо «Венесуэладагы кризисти өлкө калкы өзү чечиши керек, сырттан кийгилишүүгө же күч колдонууга жол берилбөөгө тийиш» деп айтылган.

АКШнын документинде ошондой эле гуманитардык жардам жеткирүүгө чектөөнү алып салуу жөнүндө сунуш киргизилген. Саясий кризис экономикалык каатчылык менен коштолуп, азык-түлүк, дары-дармек тартыш болууда.

Өткөн ишембиде президент Николас Мадуронун тарапкерлери гуманитардык жүктү ташууга аракеттенген адамдарга ок атышкан, чек арачылар болсо жаш агызчу газ, желим ок колдонушкан.

Январда оппозиция лидери, парламент төрагасы Хуан Гуайдо өзүн утурумдук президент деп жарыялаган. Анын бийлигин АКШ баштаган бир катар өлкөлөр таанышкан. Мадуронун летигимдүүлүгүн Орусия, Кытай, Куба жана башкалар жактап келатышат.

XS
SM
MD
LG