Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Франция менен Грекия мигрант балдарга акча төлөөгө милдеттендирилди


Франциянын четинде кофе ичип турган мигранттар. 2-февраль, 2018-жыл.
Франциянын четинде кофе ичип турган мигранттар. 2-февраль, 2018-жыл.

Адам укуктары боюнча Европа соту Франция менен Грекияны мигрант балдарга жасалган мамилеси үчүн доого жыкты.

28-февралда Франция оогандык өспүрүмгө 15 миң евро төлөөгө милдеттендирилди. 2016-жылы ошол маалда 12 жаштагы Жамил Хан Кале шаарындагы мигранттар лагеринде жарым жыл баш калкалап келген. Француз өкмөтү лагерди жок кылууга көрсөтмө берген. Жергиликтүү сот өспүрүмгө кам көрүш керек деп чечкени менен, мамлекет буйрукту аткарган эмес. Натыйжада бала алты ай «санитардык, коопсуздук жана башка шарттары жок» жерде жашаган. Хан 2016-жылдын мартында Ла-Манш кысыгы аркылуу өтүп, ушу тапта Англияда, Бирмингемде жашайт.

Ал эми Грекия үч жыл мурун качкын болуп келген тогуз өспүрүмгө 4 миң евро төлөп бермей болду. Сот балдар миграция органдарына өткөрүлгүчө бир нече жума чек аралардагы атайын жайларда кармалып келгенин аныктаган. Ал жактагы шарттар балдарды көпкө кармоого ыңгайлашкан эмес. Ошол эле учурда сот мигранттар кабыл алуу борборлорундагы шарттарга даттанган арыздарын четке кагып, Грекия келгиндердин чоң агымына туш болгонун, ал борборлор чукул ачылганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG