Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:41

Жалал-Абадда мэр менен иштеше албаган кызматкерлер жумуштан кетти


Жалал-Абад мэриясынын имараты. Иллюстрациялык сүрөт.
Жалал-Абад мэриясынын имараты. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу маалымат борборунун жетекчиси Жалил Сапаров баштаган бир топ журналисттер калаа башчысы менен иштеше албай турганын билдирип, өз жумуштарын тапшырып кетишти. Бул тууралуу алар «Азаттыкка» билдиришти.

Жети кызматкер шаар мэри алардын ишине жолтоо болуп жатканын айтып, 1-марттан тартып жумушка чыгышкан жок.

Шаардын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков кызматкерлерге кысым болбогонун айтып, алардын тобу менен жумуштан кеткени күтүүсүз болгонун айтты. Арасындагы айрым кызматкерлер эмгек өргүүсүнө гана чыгышканы менен эс алуудан соң жумуштан бошотуу тууралуу суранышкан.

Шаар жетекчилигинин өкүлү түшүндүргөндөй, маалымат борборунун иши токтоп калбашы үчүн ага Азамат Жээнбеков убактылуу жетекчинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Жалал-Абаддын мэриясында былтыр күз айынан тартып аппарат жетекчи менен чарба иштери боюнча вице-мэрдин орду да бош турат. Эки жетекчи тең эмгек өргүүсүнө чыгып, андан ары жумуштан кеткен. Алар да учурдагы мэр менен иштешүүнү каалабаганы айтылганы менен ачык билдирүү жасалган эмес.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев былтыр июнь айында шайланган. Тагаев мурдагы спикер жана президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун кудасы экени белгилүү. (RsK\ErN)

XS
SM
MD
LG