Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:33

Лукашенко: «Беларустар Орусия менен биригүүнү каалашпайт»


Александр Лукашенко жыйындардын биринде сүйлөп жаткан учуру. 1-март, 2019-жыл.
Александр Лукашенко жыйындардын биринде сүйлөп жаткан учуру. 1-март, 2019-жыл.

Беларустун президенти Александр Лукашенко «өлкөнүн Орусиянын курамына кириши жөнүндө референдум өткөрүлсө, калктын 98 пайызы буга каршы болушат» деп билдирди. Президент «беларустар Орусия менен болгусу келет, бирок өз батиринде жашоону каалашат» деди.

1-мартта Лукашенко бардык мамлекеттик телеканалдар тартуулаган салттуу жылдык басма сөз жыйынын өткөрдү. Ага Орусияга байланышкан суроолор көп берилди.

«Орусиянын Беларусту жутуп алуу ниети жок. Мен Путинди 20 жылдан бери билем. Аны сезмекмин», - деди Лукашенко.

Беларус президенти ошондой эле кошуна өлкөнүн дарегине бир топ сын пикирлерин да айтты.

XS
SM
MD
LG