НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенберг "Альянс Орусия Орто аралыкка учуучу ракеталар боюнча келишимди аткаруу чакырыктарына көнбөйт деген кырдаалга даяр болушу керек" деп билдирди. Баш катчы бул тууралуу 1-мартта “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун болгар редакциясына берген интервьюсунда айтты:
- НАТО Кара деңиз жана Балтика чөлкөмдөрүндө аскерлерин буга чейин көбөйткөн. Себеби, Орусия аскердик кубатын арттырууда, курал системаларынын кеңири түрлөрүнө, анын ичинде өзөктүк куралга көп каражат жумшап жатат. Анын үстүнө Орусия армиясын колдонуп кошуна өлкөнүн Крым аймагын мыйзамсыз аннексиялап, чыгыш Украинаны дестабилдештирип келатканын көрүүдөбүз.
Столтенберг Болгарияга өлкөнүн Түндүк альянска кошулганынын 15 жылдыгына карата барган.
Өткөн айда Вашингтон 1987-жылы түзүлгөн келишимден убактылуу чыкканын жарыялаган. Келишим 500-550 километр алыстыкка учуучу баллистикалык ракеталарга тыюу салат. АКШ жана НАТО Москва документтин шарттарын бузууда деп буга чейин айыптап келишкен. Орусия жаңы ракеталары келишимде каралган узактыктан ашпайт деп, дооматтарды четке кагып, макулдашуудан чыгып жатканын билдирген.