Ош шаарында айлана-чөйрөнү тазалоо иштеринин үч айлык өнөктүгү башталды.
Ош шаар мэриясынын демилгеси менен 28-февралдан тарта шаарды тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча үч айлык ишембилик иш-чарасы өтө баштады.
Бул иш-чаранын алкагында 2-март күнү шаардагы бардык мекемелер, окуу жайлар шаарды тазалоого чыгышты.
Мэриянын маалыматы боюнча шаардын ичи тазаланып, актоо-сырдоо иштери жүргүзүлөт. Мындан тышкары жашылдандыруу максатында Ош шаарына 2 миллион даана гүл жана 50 миңге жакын бак-дарактын түрлөрү отургузулат. (MdN)