Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Жалал-Абадда ишкер айымдардын форуму өтүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаарында облустагы ишкер айымдардын башын бириктирген форум өтүп жатат. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруп жаткан Жалал-Абад JIA бизнес ассоциациясынын менежери Жазгүл Жунусбаева "Азаттыкка" билдирди.

Форум ишкер аялдардын тажрыйба алмашуусуна көмөк көрсөтүү, алардын байланышын бекемдөө менен бирдиктүү уюм түзүү максатын көздөйт. Анын жүрүшүндө ийгиликтүү ишкер айымдар менен алардын бизнестеги орду талкууланып, мастер-класстар өтүп, мода көргөзмөсү уюштурулат.

Ишкер айымдар форумуна жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана Бишкек, Ош шаарларынан жана Талас облусунан келген 200гө чукул адам катышууда.

Учурда Жалал-Абад облусунда JIA бизнес ассоциясына мүчө 110 ишкердин 36сын аялдар түзөт.(RsK)

XS
SM
MD
LG