Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Пакистан бошоткон учкуч мекенине өттү


Учкуч Абхинандан Вартхамандын бошотулганы тууралуу кабарды көрүп жаткан адам.
Учкуч Абхинандан Вартхамандын бошотулганы тууралуу кабарды көрүп жаткан адам.

Кызыл чырым коомунун өкүлдөрү коштогон Индиянын расмий өкүлдөрү 1-мартта мекенине кайтарылган учкучту Пакистан менен чек арадагы Вагах бекетинен тосуп алышты.

1-мартта Индиянын премьер-министри Нарендра Моди "Твиттердеги" баракчасына “эл силердин үлгүлүү эрдигиңер менен сыймыктанат” деп, туткундан бошотулган учкуч Абхинандан Вартхаман чек арадан өтөрү менен жазган. Индиялык учкуч чек арадан өткөндөн кийин “Мекенге кайтып келүү кандай жакшы” деп айтканын аны кабыл алууга катышкан аткаминер билдирди.

Туткундан бошогон учкуч толук медициналык кароодон өтөрү кабарланууда.

Исламабад учкучтун кайтарылуусун “тынчтык ишарасы” деп белгиледи.

Атомдук куралга ээ болгон эки өлкөнүн мамилелери өткөн айда талаштуу Кашмир штатындагы кол салуу индиялык 40тан ашуун полциячынын өмүрүн алып кеткенден кийин курчуп кеткен.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти Пакистанда жайгашкан “Жаиш-и Мухаммад” тобу өзүнө алган.

XS
SM
MD
LG