Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

Самарадагы жол кырсыгында кыргызстандык жаран жабыркады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады. Элчиликтин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, кырсыктан жабыркаган төрт кишинин бири - кыргызстандык. Анын абалы орто деп бааланууда.

Жергиликтүү маалымат каражаттары 1-мартта саат 09:24 чамасында Самара облусуна жакын жерде Hyundai жана Lada Largus үлгүсүндөгү жеңил автоунаалар кагышканын жазып чыгышкан.

Маалыматтарда айтылгандай, кырсыктан үч адам каза болуп, төрт киши жабыркаган. Жабыркагандар түрдүү жарааттар менен Красноярск райондук ооруканасына жаткырылган. Lada Largus унаасындагы жети адам Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жарандары болгон. (ZKo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG