Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:07

ОЗХО: Сирияда тыюу салынган куралдар колдонулган


Химиялык куралга каршы эл аралык уюмдун кеңсесине кире бериште. Гаага. Апрель, 2017-жыл.
Химиялык куралга каршы эл аралык уюмдун кеңсесине кире бериште. Гаага. Апрель, 2017-жыл.

Химиялык куралга каршы эл аралык уюмдун атайын миссиясы 2018-жылы Сириянын Дума шаарында хлор камтылган ууландыргыч зат курал катары пайдаланылганын айтып чыкты.

Бул тууралуу уюмдун 1-мартта жарыялаган баяндамасында жазылган. Ага ылайык, Химиялык куралга каршы эл аралык уюм Дума шаарында күбөлөрдү сурап, жер кыртыштарын изилдеп жана башка маалыматтарды топтогон. Айлана-чөйрөнүн абалы иликтенип, биомедициналык анализдер, токсикологиялык жана баллистикалык экспертизалар жүргүзүлгөн.

Уюмдун баяндамасы жакынкы күндөрү химиялык курал колдонууга тыюу салган Конвенцияга кол койгон өлкөлөргө жиберилет. БУУнун Коопсуздук кеңешине уюмдун Баш катчысы аркылуу берилет.

Химиялык куралга каршы эл аралык уюмдун 2014-жылы мандат алган атайын миссиясы ууландыруучу заттарды курал катары колдонуу фактыларын аныктап чыгат.

2018-жылы 7-апрелде Сирияда ууландыргыч зат кошулган куралды Башар Асаддын армиясы колдонгонун ошол кезде эле батыш өлкөлөрү айтып чыккан. Бул чабуулдан негизинен жай тургундар жабыр тарткан. АКШ, Британия жана Франциянын куралдуу күчтөрү Сириядагы мындай курал-жарактарды иштеп чыккан деп кабарланган объекттерди бомбалашкан. Орусия чабуулду сынга алган.

XS
SM
MD
LG