Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:12

Бала сатууга аракеттенген деп шек саналгандар эки айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Биринчи Май райондук соту бала сатууга шек саналгандарды эки айга камоо чечимин чыгарды. Айыптуулар Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди.

27-февралда белгисиз аял ымыркайды 190 миң сомго сатууга аракеттенип жатканы тууралуу милицияга кабар түшкөн. Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам тергөө иштери жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө 31 жаштагы келин баштапкы төлөм катары 5 миң сом алып, ымыркайды сатып алуучуларга өткөрүп берип жатканда кармалган. Анын дагы эки шериги бар экени аныкталып, алар да кармалышкан.

Кармалгандардын бири баланын апасы болсо, экөө төрөткананын кызматкерлери экендиги такталган.

Былтыр сентябрь айында Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун биринде иштеген гинекологдор бала сатуу боюнча шек саналып кармалган. Алар алты баланы башка үй-бүлөлөргө сатып жибергени кабарланган. Сатылган ымыркайлардын алды 2,2 жаш, кичүүсү былтыр августта төрөлгөнү айтылган. Ымыркайлар болжол менен 1,5-2 миң долларга бааланган. Бул иш боюнча учурда сот уланууда.

Ички иштер иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2014-жылдан бери бала сатуу окуясы боюнча 20 кылмыш иши козголуп, анын 14ү сотко жеткен. Алар боюнча соттон кандай чечим чыкканы жана жазага тартылгандардын саны боюнча маалымат жок.(ZKo)

XS
SM
MD
LG