Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 00:13

Баткенде мектеп окуучулары форумга чогулушту


Фестивалдан көрүнүш.

2-мартта Баткендин Ак-Татыр айылындагы мектепте “Жашоону позитивдүү өзгөртүү” аттуу аймактык театралдык фестиваль болду.

Форумдун максаты аймактар аралык биримдикти, ошондой эле коңшу мамлекеттер менен ынтымакты чыңдоо экенин “Агахан” фондунун аймактарды өнүктүрүү боюнча жергиликтүү долбоорунун өкүлдөрү “Азаттыкка” билдирди.

Иш-чараны Британиянын элчилиги каржылап, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда суу ресурстарын чогуу пайдаланууну жакшыртуу темасы да козголду.

Мектеп окуучулары миграциянын социалдык таасири, мектептеги чоң муштумдук, жумушсуздук, алкоголизм, балдарга карата зордук-зомбулук темаларында чакан оюндарды коюшту. Ош жана Баткен облусу менен коңшу Тажикстандын жүзгө чукул мектеп окуучусу катышты. (BCh)

XS
SM
MD
LG