Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:52

Бишкекте мамлекеттик туу күнү белгиленди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мамлекеттик туу күнүнө карата салтанаттуу иш-чара борбор калаадагы борбордук Ала-Тоо аянтында өттү. Ага Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, шаардык кеңештин депутаттары, төрт райондун акимдери, шаардагы мекемелердин жетекчилери, кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Салтанатта Улуттук гвардиянын аскерлери тууну алып чыгып, анын урматына залп атышты. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG