Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков элге жолдогон куттуктоосунда "Эгемендүү өлкөбүз жана тарыхы бай элибиз үчүн мамлекеттик желектин мааниси чоң. Туу - биздин ата-бабаларыбыздын көз карандысыздыкка карай татаал жолунун жана улуу максаттарынын символу. Биздин башкы максатыбыз - урпактарыбыз сыймыктана алчу эркин жана гүлдөгөн өлкө куруу!" деп белгилеген. Президент ошондой эле жалпы кыргызстандыктарга тынчтык жана бакубаттык каалаган.
Кыргызстандын туусу тууралуу мыйзам 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган. Анын авторлору - Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.
Туунун кызыл түсү эрдиктин жана тайманбастыктын символу, ортосундагы күндүн элеси бейпилдик жана байлыкты чагылдырат. Ал эми күн нурунун ичиндеги түндүк - үй кутунун символу. Кырк нур - байыркы кырк уруунун биримдиги.(ZKo)