Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:54

"Азаттыктын" каарманына Илимдер академиясы ноутбук берди


Замира Калыбек кызы
Замира Калыбек кызы

Бишкектеги Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери, 29 жаштагы көзү тубаса азиз Замира Калыбек кызына аталган мекеменин жетекчилиги ноутбук белек кылды. Андан тышкары, китепканада азиздер үчүн шарт түзүп, брайль шрифтинде жазылган адабияттар менен толуктоого убада беришти. Бул тууралуу Замира "Азаттыкка" билдирип, өзү тууралуу видеобаян чыккандан кийин көп адамдар да кол сунуп, жардам берип жатканын айтты. Арасында саясатчылар да бар.

Быйыл 18-февралда Замира тууралуу "Азаттыкка" видеобаян чыккан. Ал тепкичтен жыгылып, ноутбугу сынып калганын, жаңысын алууга каражаты жетпей жатканын, айлыгы аз болгондуктан банк насыя бербей койгонун билдирген.

Замира Калыбек кызынын кесиби юрист, Илимдер академиясында Кыргызстандагы азиз адамдардын укуктары жана алардын аткарылышын изилдейт. Жумушунан 5500 сом айлык, майыптыгы үчүн мамлекеттен 4000 сом жөлөкпул алат. Бирок бул акча тиричиликке жетпей жаткандыктан, шурудан гүл жасап, сата баштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG