Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Тажикстандык активист Гадоев Европадан түз эфирге чыкты


Шарафиддин Гадоев.
Шарафиддин Гадоев.

Шарафиддин Гадоев 2-март күнү "Фейсбуктагы" баракчасынан түз эфирге чыгып, кармалганына байланыштуу тынчсызданган бардык эл аралык уюмдарга жана өлкөлөргө ыраазычылыгын билдирди.

“Силердин аракетиңердин натыйжасында мен азыр эркин жана тынч жерден сүйлөп жатам. Мен кененирээк маалыматты бир нече сааттан кийин берем,” - деп айтты ал.

Гадоев түз эфир учурунда Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу" партиясынын лидери Мухиддин Кабиринин жанында турду.

Бул видео менен бөлүшкөн Тажикстандын улуттук оппозициялык альянсы Гадоев "Фейсбуктагы" түз эфирге Германиянын Франкфурт шаарындагы аэропорттон чыкканын жазды.

Тажикстанда тыюу салынган оппозициялык "Группа 24" тобунун мүчөсү Шарафиддин Гадоев Нидерландыда бозгунчулукта жүргөн. Ал Дүйшөмбүгө 15-февралда “өз эрки менен” Москва аркылуу учуп келгенин бийлик маалымдаган. Ички иштер министрлиги ал оппозицияны сындап, башка бозгунда жүргөндөрдү да өзүнө окшоп мекенине кайтууга үндөгөн видеону таратышкан.

21-февралда Нидерланд бийлиги Тажикстан аларга Шарофиддин Гадоев кармалганы тууралуу маалымат беришкенин кабарлаган.

Human Rights Watch (HRW), Хельсинки комитети, Борбор Азиялык мигранттар ассоциациясы жана адам укуктары биримдиги тажик бийлигинен Гадоевди бошотууну талап кылып, ал качкын макамын алган Нидерландыга кайра кетүүгө тийиш экенин белгилешкен.

Укук коргоочулар тажикстандык активист Шарафиддин Гадоев 14-февралда Москвада кармалып, Дүйшөмбү шаарына жиберилгенин айтып чыгышкан.

Гадоевдин Европага кайтып кеткени тууралуу тажик бийлиги эч кандай маалымат берген жок.

“Группа 24” тобуна Тажикстанда 2014-жылы бийликке каршы нааразылыктарга чакыргандан кийин “экстремисттик кыймыл” катары тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG