Кыргызстандын мамлекеттик туу күнүнө карата Түркиянын Стамбул шаарында жашаган кыргызстандыктар флешмоб уюштурушту. "Кыргызстан достук жана маданият" коомунун мүчөлөрү, Стамбул башкы консулдугунун кызматкерлери жана студенттер эки өлкөнүн тууларын көтөрүп алып 30 чакты автоунаа менен шаарды кыдырып чыгышты.
Стамбул шаарында 15 миллиондон ашык адам жашайт. Түркияда расмий эсеп боюнча, 25 миңден ашуун кыргызстандык жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия өңдүү ири шаарларда отурукташкан. (ElB)