САНА агенттиги өкмөттүк аскердеги булагына таянып маалымдагандай, Хама провинциясындагы чабуулда бир нече аскер өлүп, айрымдары жарадар болушту.
Куралчан террордук топтор өкмөттүк аскерлердин позициясына 3-мартка оогон түнү саат бирге жакын кол салышкан. Согушкерлердин арасында да өлгөндөр жана жарадар болгондор бар.
Сириянын куралдуу күчтөрү "айрым райондордо согуштук аракеттердин басаңдашы террорчулар аскер базаларына, эл жашаган аймактарга кол салбайт дегенди билдирбейт" деп эскертти.