Кечээ учурулган «Crew Dragon» кемеси 3-мартта Орбитадагы Эл аралык космос станциясына барып конду. Бул жараянды NASA агенттиги «YouTube» каналынан түз алып көрсөттү. Кеме орбитада бир жума болуп, кайра Жерге кайтып келет. Миссия ийгиликтүү болсо, быйыл жайында аны менен астронавттар космоско учушат.
«Crew Dragon» кемеси 2-мартта АКШнын Канаверал кысыгындагы космодромдон абага көтөрүлгөн. Бул – космонавтика тарыхындагы кишини космоско жеткирүүчү алгачкы коммерциялык кеме.
NASAнын максаты боюнча, «Boeing» жеке кемеси өткөн кылымдын 60-жылдары жасалган «Союз» кемесин алмаштырат.