Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Крымда украин чиркөөсүнүн архиепискобу кармалды


Архиепископ Климент, 12-ноябрь, 2018-жыл.
Архиепископ Климент, 12-ноябрь, 2018-жыл.

Орусия аннексиялаган Крымдын Симферополь шаарында полиция Украинанын православ чиркөөсүнүн Крым епархиясынын архиепискобу Климентти кармады. Бул тууралуу Украинанын православ чиркөөсүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Акыркы маалыматка караганда диниятчы адвокаты менен Орусиянын Ички иштер министрлигинин Симферополдогу Борбордук башкармалыгында кармалып турат.

Климент «Франс Пресс» агенттигине Симферополдогу милиция бөлүмүндө экенин телефон аркылуу ырастады. Орусиянын күч органдары украин диниятчысы эмне себептен кармалганын азырынча айта элек.

Климент Украинанын православ чиркөөсүнүн Киев патриархатынын архиепискобу болчу. Былтыр декабрда Украинанын православ чиркөөсү орус православ чиркөөсүнөн бөлүнүп, өз алдынчалык жөнүндө күбөлүк (томос) алган. Ал эми орус православ чиркөөсү жаңы украин чиркөөсүн тааныбайт.

XS
SM
MD
LG