Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Абактагы Сенцовдун абалы оңолуп баратканы кабарланды


Орусиянын түрмөсүндөгү Олег Сенцов. 29-сентябрь, 2018-жыл.
Орусиянын түрмөсүндөгү Олег Сенцов. 29-сентябрь, 2018-жыл.

Орусиянын түрмөсүндө жазасын өтөп жаткан украиналык саясий туткун, режиссер Олег Сенцовдун абалы кыйла оңолгонун анын адвокаты билдирди. Азыр ал бир аз толуп, спорт жана чыгармачылык менен алектенип жатат. Бул тууралуу адвокат Ольга Динзе Ямало-Ненецк округундагы Сенцов отурган абакка 1-мартта барып келгенден кийин айтты.

Ал ушул тапта Сенцов «өзүн түзүк сезип», жакшы тамактанып калганын кошумчалады. Ошондой эле украин режиссерунун спорт жана чыгармачылык менен алектенүүгө убактысы жетиштүү.

Сенцов Орусиянын түрмөсүндө 145 күнгө созулган ачкачылык акциясын былтыр 6-октябрда токтоткон.

Европа парламенти 2018-жылдагы Сахаров сыйлыгын Олег Сенцовго дүйнөдө адам укуктарын коргоого “өзгөчө салым кошкону үчүн" ыйгарган.

Украиналык кинорежиссер аннексияланган Крымда 2014-жылы май айында кармалган. Кийин Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кескен. Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана Орусия койгон айыпты толугу менен четке каккан.

XS
SM
MD
LG