Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Ош шаарында бир нече касапкана жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу «Кара-Кулжа» аттуу мал союучу жайдын жетекчиси Күлүйпа Жакыпова билдирди. Анын айтымында, «иш ордуңар талапка жооп бербейт» деген жүйө менен Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык кызматы 3-мартта шаардын аймагындагы жети касапкананын ишин токтотту. Буга байланыштуу бүгүн ишкерлер мэриянын алдына нааразылык акциясына чыгышат:

- Мал союучу жайларды жабуу боюнча бизге алдын-ала эскертүү берилген эмес. Прокуратурага арыз берип, мэриянын алдына барабыз. Мэрдин өзүнө киребиз.

Жакыпованын айтуусунда, ар бир касапканада жыйырмадан жумушчу иштейт.

Ош шаарынын мэриясы азырынча бул боюнча түшүндүрмө бере элек.

Мэриянын ишкерлерге койгон талабы боюнча мал союу иштери 4-марттан тартып бир гана жерде – шаардагы эски эт комбинатында жасалууга тийиш. Башка жактарда, коңшу райондордо союлган малдын этин сатууга тыюу салынат. (MdN/ZKo)

XS
SM
MD
LG