Улуттук банктын эскертүүсү 1-марттан тартып күчүнө кирген. Банктын сайтындагы маалыматка караганда, бул «Тез төлөмдөрдүн бириккен системасы» ишканасынын айланасындагы сот иштерине байланыштуу болду. Соттун чечими боюнча ишкананын коммерциялык банктардагы эсептери камакка алынган. «Тез төлөмдөрдүн бириккен системасы» ишканасы мурда «QIWI Кыргызстан» деген аталыш менен иштеген.
Январь айынын аягында Кыргызстанда «Мобильник» электрондук төлөм операторунун айланасында чуу чыгып, ал аркылуу төлөнгөн төлөмдөр дарегине жетпей, кардарлардын нааразычылыгын жараткан. Натыйжада «Түндүк электр», «Мегаком», «Билайн» жана башка ири компаниялар «Мобильниктин» кызматынан баш тартканын жарыялашкан.
«QIWI Кыргызстан» электрондук капчыгынын 51% акциясы «Мобильник» оператору менен кошо 2018-жылы казакстандык ишкер Кайрат Мажибаевге сатылган. (ZKo)
Пикирлерди көрүңүз (1)
дагы пикирлерди жүктөө