Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:39

Айыл чарба жерлерин өздөштүрүү боюнча мыйзам долбоору талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитети аталган мыйзам боюнча 4-мартта коомдук талкуу өткөрөт. Анда экинчи окууга сунушталып жаткан бул мыйзам долбоорунун мааниси тууралуу кеңири маалымат берилет.

Парламенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, талкууда сапаты начар жерлерди өздөштүрүүнүн натыйжалуу механизмин киргизүү, анда жергиликтүү бийликтин укуктары, «асылдуулугу төмөн жерлер» жана «кунарсызданган жерлер» деген түшүнүктөргө так аныктама берүү жана башка маселелер каралат.

Талкууга мыйзам долбооруна кайдыгер карабаган бардык жарандар катыша алышат.

Айрым айдоо сугат жерлеринин категориясын өзгөртүү тууралуу мыйзамга президент былтыр август айында кол коюп, өкмөткө аны ишке ашырууну тапшырган. Өкмөт мекеме аралык комиссия түзүп, жалпы республика боюнча жерлердин контуру жана салынган курулуштар боюнча реестрди тактап бүткөндөн кийин убактылуу жобо иштеп чыккан. Ага ылайык жалпысынан 9 миң гектардай жер трансформация болот. Активисттердин белгилөөсү боюнча, менчиктен тыш, мамлекеттин фондунда 25% жетпеген айдоо аянты калган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG