4-марттын таңында Эстониянын шайлоо комиссиясы маалымдагандай, реформачылардын партиясы жалпы добуштун 28,8% алды. Муну менен партия парламенттеги көпчүлүккө - 34 орунга ээ болот, мурда 30 болчу.
Премьер-министр Юри Ратастын борборчул партиясы 23,9% добуш менен парламенттеги 26 орунга жетишти. Мурунку парламентте алардын мандаты 27 эле.
Ал эми улуттук оңчул партия 17,8% добушка ээ болуп, 19 орунга жетишти. Мурда анын 12 гана орду бар болчу.
Башкаруучу коалициядагы эки партия: Исамаа жана социал-демократтар парламенттен 12 жана 10 орунга ээ болушту.
Шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, добуш берүүгө 61% шайлоочу катышты.