Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) коррупциялык зыяндын ордун толтуруш үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 17 152 435 сом которду.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, муну менен Финполиция которгон акчанын жалпы суммасы 467 749 794 сомду түздү.
Депозиттик эсеп 2018-жылдын июлунда президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлгөн. Башкы прокуратурага, Финполицияга, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, Ички иштер министрлигине жемкорлордон кайтарылган каражатты ушул эсепке которуу милдети жүктөлгөн.
Финансы министрлиги Борбордук казыналыкта «Коррупционерлерден өндүрүлгөн акча үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке» түшкөн акча 1 миллиард 52 миллион сом болгонун февралда кабарлаган. (SE)