Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларынын кеңеши түзүлдү


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларынын консультативдик кеңеши түзүлүп, анын башчылыгына Медеткан Шеримкулов тандалды. Ал эми аткаруу комитетинин төрагасы болуп Акматбек Келдибеков шайланды.

Мындай чечим 2-мартта Бишкекте өткөн жыйында кабыл алынганын экс-төрагалар «Азаттыкка» тастыкташты. Жыйынга Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Мукар Чолпонбаев, Алмамбет Матубраимов, Алтай Бөрүбаев, Ишенбай Кадырбеков, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Ахматбек Келдибеков, Асылбек Жээнбеков жана Исхак Масалиев катышты.

Уюштуруучу тараптын айтымында, бул коомдук уюм мамлекеттеги көйгөйлүү маселелерди талкуулап, президентке, парламентке жана өкмөткө сунуш киргизип, кеңеш айтып турушат.

Парламенттин мурдагы спикерлеринин уюштуруу жыйынына Адахан Мадумаров, Чыныбай Турсунбеков жана камактагы Өмүрбек Текебаев катышкан жок.

Парламенттин мурдагы спикерлеринин арасынан Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Усуп Мукамбаевдин көзү өтүп кеткен.

Жогорку Кеңештин азыркы төрагасы Дастан Жумабеков.

Кыргызстандын эгемендик жылдарынан бери Жогорку Кеңешти 18 төрага жетектеген. (SE\KJ)

XS
SM
MD
LG