Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Спикердин колу коюлган катасы көп документ расмий тастыкталды


Дастанбек Жумабеков.
Дастанбек Жумабеков.

Жогорку Кеңештин аппараты социалдык тармактарда тарап кеткен документ (№6-993/19) боюнча иликтөө иштерин жыйынтыктады.

Парламенттин басма сөз кызматы аталган документте чын эле одоно каталар бар экенин билдирип, ага төмөнкүчө түшүндүрмө берди:

«Бул катты Жогорку Кеңештин төрагасы өз колу менен жазган эмес. Тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкери даярдап, төраганын колу анын жардамчысы тарабынан факсимиле жолу менен коюлган. Жогорку Кеңештин жетекчилигине күн сайын жүздөгөн документтер кол коюуга жөнөтүлөт. Алардын арасында сунуш берүүчү мүнөздөгү жөнөкөй документтерге көпчүлүк учурда факсимиле жолу менен кол тамга басылат. Убакыттын тардыгынан улам, төрага мындай документтерге кол коюуда өзүнүн жардамчыларына жана адистерге таянат. Аталган кат боюнча кемчилик кетирген кызматкер тиешелүү жазага тартылмакчы. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана аппараттын тиешелүү бөлүмдөрү бул окуяны өкүнүч менен кабыл алганын билдиребиз​».

1-мартта журналист Канышай Мамыркулова кыргыз-орус тилдеринде аралаш, бир топ ката менен жазылган документти «Фейсбукка» жарыялаган. Ага Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабековдун колу коюлган. Документтеги каталар кызуу талкууга түшүп, айрымдар аны фейк деп сыпаттаган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG