Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Экстремизмге айыпталган татар активист түрмөдөн чыкты


Данис Сафаргали абактын сыртында, 4-март, 2019-жыл.

Татарстанда экстремизмге байланыштуу айыпталган активист Данис Сафаргали Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинде «экстремизмге» байланыштуу берене жарым-жартылай декриминализация болгон соң 4-мартта абактан чыкты.

Сафаргалини аялы, туугандары абактын дарбазасынын алдынан тосуп алышты. Өткөн айда сот активистке «Экстремизм» беренеси боюнча тагылган айыпты алып салган. Буга Орусиянын Кылмыш-жаза кодесинде бул берене жарым-жартылай декриминализация болгону түрткү берген.

Былтыр декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин улуттук, диний жана башка мүнөздөгү кастыкка түрткөн беренелер боюнча биринчи жолу жазага тартылып жаткандарды эркинен ажыратпоо жөнүндө мыйзамга кол койгон.

«Алтын Ордо» мекенчил кыймылынын лидери Сафарагали 2016-жылдын октябрында «Интернет аркылуу жек көрүүнү козуткан» деп айыпталып кармалган. Кийин ага «Бейбаштык» беренеси менен да айып коюлган. Ал бул айыптардын бардыгын четке кагып келет.

2017-жылы Татарстандын соту аны үч жылга эркинен ажыраткан.

Орусиядагы «Мемориал» укук коргоо борбору камактагы татар активисти Данис Сафаргалини саясий туткун деп тааныган.

XS
SM
MD
LG