Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:54

«Дордой» клубу сегиз оюнчу менен толукталды


«Дордой» футбол клубунун жаңы оюнчулары.
«Дордой» футбол клубунун жаңы оюнчулары.

«Дордой» футбол клубу АФК Кубогуна жана өлкө чемпионатына даярдыгын баштап, катарын сегиз оюнчу менен толуктады. Оюнчулардын төртөө чет өлкөлүк, калганы жергиликтүү футболчулар.

4-мартта клуб жаңы оюнчуларын тааныштырып, алдыдагы пландары менен бөлүштү. Команданын башкы максаты АФК кубогунун тайпалык баскычынан чыгуу экенин башкы машыктыруучусу Александр Крестинин журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди:

- Бүгүнкү күндө команда толукталып бүттү. Бизге төрт легионер кошулду. Буга чейин Антон Землянухин, Азамат Байматов жана Павел Матяш менен келишим түзгөнбүз. Андан сырткары жаш оюнчубуз Айзар Акматов курамга кайтып келип кошулду. Биз ага өзүн көрсөтүүгө сөзсүз мүмкүнчүлүк беребиз. Жакшы даярданып, жетекчилик койгон тапшырманы аткарууга аракет кылабыз. Алгачкы максат - АФК кубогунун тайпалык баскычынан чыгуу. Бирок койгон максатыбыз андан да бийик.

Быйылкы сезондо Алибек Сакенов (Казакстан), Артур Валикаев, Семен Шептицкий (Орусия), Вахыт Оразсахедов (Түркмөнстан), Азамат Байматов, Антон Землянухин, Павел Матяш жана Айзар Акматов (Кыргызстан) «Дордой» клубунун катарында ойношот.

Орусиялык Краснодар клубунун тарбиялануучусу, буга чейин Сербиянын «Рад» командасында ойноп, учурда «Дордой» менен келишим түзгөн Семен Шептицкий «Ак шумкарлардын» Азия кубогундагы жеңишинен кийин кыргыз футболуна кызыгуусу артканын ортого салды.

- Быйыл кышында өткөн Азия кубогунда кыргыз футболу жөнүндө уктум. Алар абдан мыкты оюн көрсөтүштү. Бул менин Кыргызстанга келип, «Дордой» менен келишим түзүүгө түздөн-түз түрткү болду. Анткени Кыргызстанда футбол өнүгүп жатат. Азия чөлкөмүндө да өз тажрыйбамды өнүктүрүүнү каалайм, - деди 19 жаштагы футболчу Семен Шептицкий.

«Дордой» клубу футбол боюнча Кыргызстандын 10 жолку чемпиону, Кыргызстандын кубогун 10 жолу алган. АФКнын Президентинин Кубогун (2006-2007-жылдары) эки жолу уткан. АФК Кубогуна 2015-жылы катыша баштаган. Быйыл төртүнчү ирет АФК Кубогуна чыгып жатат. Тайпалык баскычтагы алгачкы оюн 3-апрелде Бишкекте өтүп, анда Түркмөнстандын чемпиону «Алтын-Асыр» менен ойнойт. (GT)

XS
SM
MD
LG