Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Токойчулардын үйлөрүнө күн нурунан кубат алган жабдыктар орнотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Жайыл, Жети-Өгүз, Түп, Кочкор, Ак-Талаа, Кочкор-Ата, Кара-Алма жана Ноокат райондорундагы токой чарбалары пилоттук түрдө күн нурунан кубат алуучу шаймандар менен жабдылды.

Бул саамалык БУУнун Азык-түлүк программасынын «Климат өзгөрүп жатканда токойлорду жана кен байлыктарын ырааттуу башкаруу» деген долбоорунун алкагында ишке ашып жатат.

Аталган программанын коомчулук менен байланыш боюнча адисинин жардамчысы Карина Абдылдаева «Азаттыкка» билдиргендей, күн нурунан кубат алган жабдыктар электр энергиясы барбаган алыскы, тоолуу токой чарбаларында иштегендердин түйшүгүн жеңилдетүүнү көздөйт.

- Азыр мындай жабдыктар биздин долбоор камтыган сегиз токой чарбасындагы токойчулардын үйүнө коюлду. Алар алыскы, тоолуу аймактарда, электр станциялары жок жерлерде жашайт. Ошондуктан алардын үйүнө биз күн нурунан кубат алуучу жабдууларды койдук, - деди ал.

«Климат өзгөрүп жатканда токойлорду жана кен байлыктарын ырааттуу башкаруу» долбоору Кыргызстанда 2015-жылдан бери иштейт. Долбоордун негизги максаты - токой, жайыт жана жер ресурстарын башкарууда жана тоолуу аймактарда жашаган элдин жашоо-тиричилигин жеңилдетүүдө жогорку технологияларды киргизүү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG