Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

ВИЧ-инфекциялуу экинчи адам бул оорудан айыгышы мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Лондондун тургуну дүйнөлүк медицина тарыхында СПИДден айыккан экинчи адам болуп калышы ыктымал.

«Nature» журналы тараткан иликтөөлөр боюнча, үч жыл мурун бейтаптын денесине иммундук жетишсиздик вирусуна туруктуу иммунитети бар адамдын клеткасы жайгаштырылган. Акыркы текшерүүлөр ВИЧ-инфекциялуу кишинин организминде вирустун изи да калбаганын көрсөттү.

Анын организминен кийинки иликтөөлөрдө да инфекция табылбаса, СПИДди айыктыруучу дары тууралуу үмүттөр акталат.

ВИЧ-инфекциядан айыктыруу боюнча алгачкы ийгилик 12 жыл мурун жүлүндү трансплантациялоонун натыйжасында ишке ашкан. Бирок ошондон бери бул экспериментти кайра кайталоого мүмкүн болгон эмес, анткени бул бейтап үчүн өтө оор болгон.

Утрехт университетинин окумуштуусу Аннамари Венсинг «New York Times» гезитине СПИДди масштабдуу айыктырыш үчүн трансплантация колдонуу мүмкүн эмес экенин айтып, бирок ошентсе да бул ийгилик изилдөөчүлөрдү үмүттөндүрөрүн белгилеген.

Эки учурда тең жүлүндү трансплантациялоо ракка каршы терапия катары жүргүзүлгөн. «New York Times» гезитине жазган электрондук катында «Лондондук бейтап» өзүнүн ВИЧ илдеттен айыгарына ишенбегенин билдирген.

XS
SM
MD
LG