Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:37

Экономика министрлиги кассалык чекти талап кылууга үндөгөн лотерея ойнотот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика министрлиги кассалык чектерди талап кылууга үндөгөн лотерея ойнотот. Бул тууралуу «Азаттыкка» Экономика министринин өкүлү Тынчтык Мукаматов ​кабарлады:

- Азыр көп эле жерде кассалык көзөмөл машиналары (ККМ) онлайн ишке кирип, чек берет. Кардар соода калганда QR-коду бар чекти талап кыла алат. Кийин Мамлекеттик салык кызматы кокустан тандалып алынган чекти утуучу деп табат. Бул акция элди товардык чекти талап кылууга үндөш үчүн жасалууда.

«Касса чегин талап кыл, акча утуп ал» деген акцияга 15 миллион сом каралган. Анын 5 миллиону акцияны жарнамалоого кетет, ал эми 10 миллиону катышуучуларга байге катары таратылат.

Экономика министрлиги берген маалыматка ылайык акцияны өткөрүү милдети Мамлекеттик салык кызматына жүктөлгөн жана ал азыркы учурда коомдук талкууга коюлган. (KR)

XS
SM
MD
LG