4-март күнү саат 17:00дөн тартып 18:40га чейин Талас облусунун Манас районунун Кайыңды айыл аймагына караштуу Арал айылында катуу шамал болгон. Шамал Үсөнбаев атындагы орто мектептин 600 чарчы метр темир тунуке менен жабылган чатырын учуруп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы шамалдын ылдамдыгы такталып жатканын билдирди. Эч ким жабыркаган жок.
Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев «Азаттыкка» азыр калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, чыгымдар эсептелип жатат. (AlS/КЕ)