Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:30

КСДП: Иса Өмүркуловдун курултай чакырууга укугу жок


«Медиа форум» ишканасы.
«Медиа форум» ишканасы.

Иса Өмуркулов курултайды чакырууга жана партиянын саясий кеңешинин жыйынын өткөрүүгө укугу жок. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Ирина Карамушкина 5-мартта «Медиа форумда» өткөн басма сөз жыйынында билдирди. Ал муну Өмүркулов өткөн жылы КСДПнын катарынан чыгарылганы менен түшүндүрдү:

- Саясий кеңеште Иса Өмүркуловду чыгарып салгандан кийин 35 мүчөсү бар. Азыр ал көптөрүнүн ишеним каты бар экенин, 3-апрелде курултай өткөрүүгө жетишерлик добушу алганын билдирип жатат. Саясий кеңештин жети мүчөсү форумда отурат, үчөө парламентте, төрт мүчөсү жабык жайларда. Алар көпчүлүк добуш алышы мүмкүн эмес. Бул жөн гана коомчулуктун башын айлантуу, партиянын калган бөлүгүн бөлүп-жаруу аракети. Бул «Атамбаевсиз КСДП» долбоорунун уландысы. Бийликтин колдоосу болбосо бул долбоор иштебейт эле, Иса Өмүркулов мындай билдирүү жасамак эмес. Ал партиянын уставын бузду.

Депутат Асел Кодуранова кеңештин мүчөсү катары аларга маалымат берилбегенин, партиянын курултайы 6-апрелде өтө турганын кошумчалады.

Басма сөз жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары, партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, адвокат Нурбек Касымбеков жана партиянын катчылыгынын катчысы Таалай Усубалиев катышты.

Мунун алдында Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов партиянын курултайы 3-апрелге белгиленгенин билдирген. Бул маалыматты аталган фракциянын депутаты, партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Төрөбай Зулпукаров «Азаттыкка» ырастап, көпчүлүк добуш менен ушундай чечим кабыл алынганын айткан.

Мындан сырткары «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы да курултай өтөрү тууралуу маалымат берген. Өмүркуловдун айтымында, алардын курултайынын бул кыймылга тиешеси жок.

Иса Өмүркулов аны партиядан чыгаруу жөнүндө чечим мыйзамсыз экенин буга чейин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG