Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:28

ТИМ «Клооптун» стажеруна виза берүүдөн баш тартты


Судандын жараны Махитаб Махгуб.
Судандын жараны Махитаб Махгуб.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) «Клооп» маалымат агенттигинде такшалма өткүсү келген Судандын жараны Махитаб Махгуб аттуу кызга виза берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу «Клооптун» негиздөөчүсү Бектур Искендер «Азаттыкка» кабарлады:

- ТИМ ал кызга виза берүүдөн эмне себептен баш тартканы белгисиз. Бизде эки божомол бар. Биринчиси - ТИМ атайылап эле «Клоопту» кысымга алгысы келип жатат. Экинчиси - ТИМ тарабынан Африка өлкөлөрүнүн жарандарына карата дискриминация жүрүп жатат. Ал Венгриядагы эң мыкты университеттердин биринде окуган. Англис тилин жакшы билет. Ал көптөн бери Борбор Азияга келгиси келип жүргөн. Биз ТИМ талап кылган документтердин баарын бергенбиз, «Клооптун» уставын, Мамлекеттик салык кызматынын, Соцфонддун тастыктамаларынын баарын бергенбиз.

Бектур Искендер Судан өлкөсүнүн ички дүң өнүмүнүн көлөмү Кыргызстандыкынан эки эсе көп экенин айтып, стажёрдун өлкөдө мыйзамсыз калып калуу ниети болбогонун кошумчалады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги визаны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим түшүндүрүлбөй турганын, мындай чечимди эч бир өлкөнүн консулдук кызматы түшүндүрүүгө милдеттүү эмес экенин билдирди. (KR)

XS
SM
MD
LG