Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Мирослав Ниязовду Ооганстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи, Мирлан Арстанбаевди Жапониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи, Муктар Жумалиевди Белгиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи кылып дайындоого макулдук берди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин Ниязов Тажикстанда элчи, Жумалиев АКШда, Арстанбаев Стамбулда башкы консул жана «Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп иштеген. (КЕ)